Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 22.06.2016 09:14

Айыл турмушу: Гүлчөдөгү той-топурлар А.Сагынбаева жасаган шириндиктерсиз өтпөйт (фото)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айылынын 28 жаштагы тургуну Айпери Сагынбаева шириндиктердин түрүн жасоо үчүн цех ачты. 2 айдан бери иштеп жаткан цех учурда 3 адамды жумуш менен камсыз кылып, тойлорго буюртма менен шириндиктерди жасап берүүдө.

Turmush басылмасынын кабарчысы менен маек курган Айпери Сагынбаева өзүнүн ишкердиги тууралуу айтып берди.

«Мен студент кезимде атайын шириндик боюнча курста окуп, таттуу токочторду бышыруунун жолдорун үйрөнгөм. Кийин каражаттын жоктугунан ишкерликти баштай албай жүрдүм. Быйыл долбоор жазып, каражат утуп алдык. Шириндиктерди жасай баштаганыма 2 айдын жүзү болду», - дейт ишкер айым.

Учурда Гүлчө айылындагы той ээлери атайын буюртма менен Айпери айым жасаган боорсок, каттама жана чак-чактарды алышат.

«Гүлчө айылындагы тойлорго буюртма ала баштадык. Көпчүлүк учурларда тойго боорсок, каттама жана чак-чак жасап берүүнү суранышат. Биз кардарлардын талабына жараша нан азыктарынын түрлөрүн жасап берүүгө аракеттенип жатабыз», - деди А.Сагынбаева.

Шириндик бышыруучу кичи цехте учурда токочтор, кекс, печенье жана торттордун түрү жасалат. Мындан сырткары, бышырылган балык, грил жана салаттардын түрлөрүн табууга болот. 

Жумушчулар иштеген ишине жараша 6 миң сомдон 8 миң сомго чейинки маянага ээ болушат.

Ишкер айым бул жылы бала бакчалар менен мектептерди сапаттуу шириндиктер менен камсыз кылуу максатын көздөөдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×