Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 10.06.2016 16:05

Айыл турмушу: Жаратылышы кооз Кызыл-Алай айылынын эли кышкысын кар ээритип, жайкысын ылай суу ичүүгө мажбур (фото)

Turmush -  Алайдын Кызыл-Алай айылында таза суу жок. Бул тууралуу Turmush басылмасына айыл тургуну, мурдагы айыл башчысы Кадырбек Эшмаматов билдирди. Анын айтымында, суу чыгаруу үчүн долбоор түзүлүп, парламентте каралганы менен, эки жылдан бери мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнө элек.

Айыл эли кышкысын кар ээритип, жайкысын ылайланган суу ичүүгө мажбур. Бул ар кандай оорулардын чыгышына да себеп болууда, дейт Кадырбек Эшмаматов.

«Таза суу үчүн 20 млн 950 миң сом акча каражаты бөлүнүшү керек. Апрель айында Бишкекке барып, министрликке киргенде, "карайбыз, акча бөлүнөт" деп жооп беришкен. Айылга келип, жеринен таанышып кетишмек. Бирок, бийликтен эч ким келген жок.

Эгерде акча бөлүнсө калган иштерди эл менен бирге ашар жолу менен болсо дагы бүтүрөбүз. Элден азырынча керектүү каражаттын 5%ы чогулган, калганын дагы чогултабыз», - деди ал.

Алай районуна караштуу Кызыл-Алай айылы тоолуу аймактардын катарына кирет. Кыштак деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда бул айылда 1200дөн ашык калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×