Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 20.05.2016 10:36

Алайда өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча республикалык турнир өттү (фото)

Turmush -  Алай районунун борбордук стадионунда Табалды кызы Жазгүлдүн жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча республикалык турнир өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Анын ачылыш аземине акимдин биринчи орун басары Мамашарип Мусаев, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Нуркалый Самиев, райондогу спорт мектебинин директору Эргеш Мадышов катышты.

Турнирде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ош облусунун Өзгөн райондорунан келген командалар жана Алай районунун курама командасы күч сынашты. Мелдештерге 1999-жылдан 2007-жылга чейинки төрөлгөн 25 килограммдан 65 килограммга чейинки салмактагы өспүрүмдөр чыкты.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, катышуучуларга концерттик программа тартууланды. Мелдеш машыктыруучу Турат Мырзаев жана Эсен Масаков тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×