Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 13.05.2016 15:15

Алайдагы Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп жеке ишкер З.Каримов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 13-майда Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Залкарбек Каримов шайланды. Мурунку айыл өкмөт башчы Бактыбек Осмонов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен.

Шайлоого айылдык кеңештеги 11 депутат катышты. Жыйынтыгында жалгыз талапкерди 10 депутат колдоп, 1 депутат каршы добуш берди.

Айыл өкмөттүн жаңы башчысы Залкарбек Каримов аталган айылдагы жергиликтүү кеңештин 5-чакырылышында депутат болуп шайланып, Гүлчө айыл өкмөтүндө жер адиси болуп иштеген. Ошондой эле жеке ишкерлик менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×