Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 12.05.2016 13:59

Алайдагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Азимжанов шайланды

Turmush -  Бүгүн, 12-майда Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Асилбек Азимжанов шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Максаткан Анарбаева билдирди.

Кабарчыга маалымдалгандай, айыл өкмөт башчысын шайлоого жергиликтүү кеңештеги 11 депутат толугу менен катышкан. Айыл өкмөт башчылыгына 2 талапкер көрсөтүлгөн.

Талапкерлер:

- Мунабархан Пайзиева;

- Асилбек Азимжанов.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Асилбек Азимжанов 8 добуш алып, айыл өкмөт башчы болуп шайланды.

Мурдагы айыл өкмөт башчысы мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматтан кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×