Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 10.05.2016 11:25

Алайдагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы шайланат

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы 12-май күнү шайланат. Бул тууралуу Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрөгасы Сагынбай Жээналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган кызматка 2 талапкер көрсөтүлүүдө.

Талапкерлер:

- Боз-Караган айылынан Мунабархан Пайзиева;

- Арпа-Тектир айылынан Асылбек Азимжанов.

Аталган айылдык кеңештин жаңы шайланган депутаттары мандат алып, ишке жаңы киришти. Айылдык кеңештин курамын Боз-Караган айылынан шайланган 5 депутат, Арпа-Тектир айылынан шайланган 6 депутат түзөт. Айылдык кеңештин төрөгасы болуп Сагынбай Жээналиев шайланган.

Айыл өкмөттүн мурунку башчысы Төлөгөн Жээнбеков кызматтык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу ордун бошоткон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×