Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 28.04.2016 10:35

Алай райондук билим берүү бөлүмү менен социалдык өнүгүү башкармалыгы таймашты

Turmush -  Кечээ, 27-апрелде Алай райондук билим берүү бөлүмү менен социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосунда «Өнөр кесип тандабайт» сынагы өттү. Сынакка райондун акиминин орун басары Максат Зикиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досмамбет Жээнбеков катышты.

Аталган сынак Тарых жана маданият жылына карата уюштурулду. Эки жамаат алгач саламдашып, элдик ыр-күүлөрдү аткарышты. Ошондой эле Үркүндүн 100 жылдыгына карата Үркүн темасын чагылдырган сахналык көрүнүштөр аткарылып, күнүмдүк турмуштагы окуялар сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Жергиликтүү тургун Айпери Камчыбекованын айтымында, мындай сынактар жаш муундардын тарыхты, маданиятты таанып билүүсүнө өбөлгө болот.

Калыстар тобу тарабынан берилген упайлардын жыйынтыгында билим берүү бөлүмү жеңишке жетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×