Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 20.04.2016 17:11

Алайдагы Будалык айылдык кеңешинин жаңы депутаттары мандат алды (фото)

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү депутаттар мандатка ээ болуп, төрөга шайланды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жыпаргүл Осмонова билдирди.

Кабарчыга маалымдалгандай, бүгүнкү жыйында 11 депутатка мандат тапшырылды. 

27-марттагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө Октябрь жана Будалык шайлоо тилкелериндеги 11 мандатка 48 талапкер ат салышкан.

Жаңы курам:

1. Алиев Шерик;

2. Арапбай уулу Улан;

3. Осмонов Зайырбек;

4. Эгемкулов Өмүрбек;

5. Рахматов Сагындык;

6. Мурзакулов Нургазы;

7. Каримов Залкар;

8. Караев Сагын;

9. Топчуева Асел;

10. Алиев Медер;

11. Аринов Сагын.

Эсептөө комиссиясы чыгарган жыйынтык менен Будалык айылдык кеңештин төрөгасы болуп Сагындык Рахматов шайланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×