Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 19.04.2016 12:59

Чоң-Алайдагы окуучулар Үркүн темасын сахналаштырды (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-апрелде Чоң-Алай районундагы Чак айылдык китепканасында Тарых жана маданият жылына карата «Маданият — улут сыймыгы» аттуу райондук деңгээлдеги иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган райондун маданият бөлүмүнүн башчысы Бекназар Бакыбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Ага райондогу бардык маданият кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, иш-чара китепканада уюштурулган көргөзмө менен башталды.

Мындан сырткары маданият кызматкерлери тарабынан Үркүндүн 100 жылдыгы чагылдырылган чыгармалар аткарылып, акындардын Үркүн темасындагы ырлары көркөм окулду.

Ошондой эле улуттук аспаптын коштоосунда жандуу үн менен элдик ырлар ырдалып, улуттук бийлер аткарылды.

16

14

12

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×