Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 07.04.2016 15:49

Алайдагы «Жошолу» элдик театрынын артисттери байбичелердин көзүнө жаш алдырды (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районунда «Эл ичи — өнөр кенчи» кароо-сынагы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына «Жошолу» элдик театрынын жетекчиси Айнагүл Бакаева маалымдады.

Бул кароо-сынак Тарых жана маданият жылына арналып, программага Үркүндүн 100 жылдыгын, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгын, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына байланышкан тапшырмалар киргизилген.

Кароо-сынак Жошолу айыл өкмөтүндө башталып, «Жошолу» элдик театрынын өнөрпоздору таланттарын тартуулады. Иш-чаранын ачылыш аземинде Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Раимберди Жаманкулов, айыл өкмөт башчысы Жүрсүн Өмүрзаков, аталган театрдын директору Айнагүл Бакаева сөз сүйлөп, мындай сынактар келечек муунга өткөн тарыхты баяндоого өбөлгө болорун белгилешти.

Өнөрпоздор Үркүндүн 100 жылдыгын камтыган тарыхый көрүнүштү өзгөчөлөнтүп көрсөтүштү. Өзгөчө айылдагы байбичелер сахналаштырылган окуяны чоң кызыгуу менен көрдү. Катышуучулар ошол кездеги турмуштун оордугун, ачка калып өмүр менен кош айтышарда жаш кыздарын бир чака буудайга баалашканын, айтор, көрөрмандардын көз жашын төктүргөн бул кандуу окуяны жүрөккө жеткире аткарышты. Ошондой эле чач өрүү, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, төкмө акындардын айтышы, залкар комузчулардын күүлөрү, учурдагы турмуштук терс көрүнүштөрдү камтыган сатиралык чыгармалар, улуттук бийлер көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Жыйынтыгында райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Раимберди Жаманкулов өнөрпоздордун чыгармачылык эмгегине жогору баа берүү менен ыраазычылык билдирди.

Кароо-сынак башка айыл аймактарда улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×