Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 28.03.2016 09:42

Алайдын Будалык айыл өкмөтүндө 39 добуш жараксыз деп табылды

Turmush -  Кыргызстандагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланды. 27-мартта саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелеринде добуш берүү саат 20:00дө токтотулду.

Алай районунун Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыгарылганын айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жыпаргүл Осмонова билдирди.

Шайлоо Октябрь жана Будалык тилкелеринде өткөрүлгөн. Будалык шайлоо участогунда жалпы шайлоочулардын саны 1202 болсо, анын 739у добуш берди. 700 добуш жарактуу болуп, 39 добуш жараксыз деп табылды.

Ал эми Октябрь шайлоо участогундагы 509 шайлоочудан 341и добуш берип, анын ичинен 2 добуш жараксыз болду. Будалык участкасынан 8 мандатка 41, ал эми Октябрь участкасынан 3 мандатка 8 талапкер ат салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×