Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 27.03.2016 12:48

Алайдын Будалык айыл өкмөтүндөгү 11 мандат үчүн 48 талапкер чыкты (фото)

Turmush -  Алай районунун Будалык айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо уланууда. Октябрь жана Будалык шайлоо тилкелериндеги 11 мандатка 48 талапкер ат салышууда, деп билдирди айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Жыпаргүл Осмонова.

Анын айтымында, саат 12:00гө карата 200 шайлоочу добуш берди. Октябрь тилкесиндеги 3 мандат үчүн 8 талапкер, Будалык тилкесиндеги 8 мандат үчүн 40 талапкер катталган.

Октябрь участкасында 509 шайлоочу, Будалык участкасында 1200дөн ашык шайлоочу бар.

Айыл аймактарда коомдук абал тынч.

4

1

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×