Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 23.03.2016 09:29

Алай районунда түнкү музей иштеди (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районундагы музейде Тарых жана маданият жылына карата «Түнкү музей» иш-чарасы өтүп, ага райондогу бардык өнөрпоздор катышты.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы Илияз Ташкулов жетектеген коллегия мүчөлөрү жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкулов, музейдин директору Базаркүл Абдразакова катышты.

Келген коноктор музейде уюштурулган чач өрүү, баланы бешикке салуу салттарына жана жаштардын жоолук таштамай, топ таш оюнуна күбө болду.

Түнкү музейди шаңга бөлөп Токтогулдун күүлөрү чертилип, Курманжан датканын, Муса Адышевдин ишмердүүлүгү театрлаштырылып көрсөтүлдү.

Мындан тышкары музейге келгендер кызыктуу экспонаттар, уникалдуу эстеликтер менен таанышты.

Анын ичинен 16-кылымга таандык болгон уйдун желининен жасалган каймак салынуучу идиш келгендерди өзгөчө кызыктырды.

Соңунда мындай иш-чаранын уюштуруучуларына райондун акими Илияз Ташкулов ыраазычылык билдирип сөз сүйлөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×