Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 29.02.2016 16:37

Ноокатта жыйынтыкталган «Ден соолук кербени» Кара-Кулжанын эң алыскы Алай-Куу аймагында уланат

Turmush -  «Ден соолук кербени» 21-январда Ноокат районунда башталган. Дарыгерлер Ноокат районун толук кыдырып, 26-февралда сапарын жыйынтыктады. Ноокат району боюнча 7155 жашоочусу медициналык текшерүүдөн өтүп, аларды Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын, облустук онкология борборунун дарыгер-адистер тобу УЗИ, ЭКГ аппаратынын жардамында жеринде текшерүүдөн өткөрүп, дарылоо боюнча өздөрүнүн кеңешин берген. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, тургундардын көпчүлүгү ревматолог, кардиолог жана акушер-гинекологго кайрылган. Аларга дарттын алдын алуу максатында ооруканаларга барып дарылануу үчүн жолдомо берилди. Бирок алардын ичинен болгону 12 адам ооруканага кайрылып, толук дарылануудан өтүшкөн.

«Ден соолук кербени» өз сапарын эми Кара-Кулжа районунун эң алыскы Алай-Куу аймагында улантат. Жакында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов аталган аймакка болгон иш сапары учурунда тоолуу аймактын эли дарыгерлердин жетишпестигин айтып кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×