Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 29.02.2016 16:29

Алайдын Бүлөлү айылындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына кийим таратылып, көчөгө жарык берилди

Turmush -  Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарына жылуу кийимдер таратылып, Ак-Талаа тилкесине түнкү жарыктар орнотулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Таалайбек Абдраев аймактык кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, айылдан демөөрчүлөр чыгып, 180 окуучуга кышкы, сапаттуу кийимдер сатып алынган.

«Айылдагы жеке ишкерлер Абдыкалык Ормонбаев, анын уулу Эрнист Ормонбаев жана Калипа Качыбекова айылдагы Б.Нарматов, Ж.Исаева, А.Арзиев атындагы мектептердин окуучуларына кышкы кийимдерди таратып, кайрымдуулук кылышты. Мындан сырткары Ж.Исаева мектебинин жыйындар залынын курулуш иштерине да көмөк көрсөтүп жатышат.

Демөөрчүлөрдүн бири Эрнист Ормонбаев Казакстанда иштеп келип, айылдаштарына жардам берүүдө. Ошону менен катар Ак-Талаа тилкесине биринчи жолу түнкүсүн жарык берүүчү жабдуулар орнотулду», - деди Т.Абдраев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×