Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 04.02.2016 12:59

Мурунку айыл өкмөт башчы И.Ташкулов Алай районунун акими болуп бекитилди

Turmush -  Ош облусундагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп Ильяз Ташкулов бекитилди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кечээ, 3-февралда кол койду.

И.Ташкулов

Илияз ташкулов

Ильяз Ташкулов 26-январда Алай районунун акими болуп шайланды. Анын талапкерлигин 108 депутат колдоду. Turmush басылмасынын кабарчысынын айтымында, аталган райондогу жергиликтүү кеңештин 214 депутатынын ичинен 209у шайлоого катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ташкулов Ильяз Акжигитович 108 добуш, Молдокулов Замир Сариевич 67 добуш топтосо, 32 депутат барына каршы болгон жана 2 бюллетень жараксыз деп табылды.

Ал эми талапкерлердин бири Аданбай уулу Нурбек өз каалоосу менен талапкерликтен баш тартты.

Жаңы шайланган аким Ильяз Ташкулов буга чейин Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×