Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 04.02.2016 08:21

Алайдын Гүлчө айылында бала бакчадагы тарбиячылардын жумалыгы майга чейин улантылат (фото)

Turmush -  Алайдын Гүлчө айылындагы №3 «Наристе» бала бакчасында тарбиячылардын жумалыгы башталды. Бул тууралуу аталган бала бакчанын жетекчиси Гүлүпа Апылаева билдирди. Анын айтымында, тарбиячылардын жумалыгы май айына чейин улантылат.

«Мектеп курагына чейинки балдардын билимин ар тараптан өнүктүрүү максатында тарбиячылардын жумалыгын уюштуруп жатабыз. Ага биздин бала бакчадагы 12 тарбиячы катышууда. Алардын ар бири жума ичинде балдарга сабактарды, ата-энелер менен жолугушууларды, ачык сабактарды өткөрөт. Жаш бөбөктөргө ар кандай оюндарды, ыр, бийлерди үйрөтүп, апта соңунда концерттик программаларды тартуулашат.

Бул саамалык май айына чейин улантылат», - деди Г.Апылаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×