Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 26.01.2016 14:05

Алай районунун акими болуп Ильяз Ташкулов шайланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-январда Алай районунун акими болуп Ильяз Ташкулов шайланды. Анын талапкерлигин 108 депутат колдоду. Turmush басылмасынын кабарчысынын айтымында, аталган райондогу жергиликтүү кеңештин 214 депутатынын ичинен 209у шайлоого катышты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ташкулов Ильяз Акжигитович 108 добуш, Молдокулов Замир Сариевич 67 добуш топтосо, 32 депутат барына каршы болгон жана 2 бюллетень жараксыз деп табылды.

И.Ташкулов

Илияз ташкулов

Ал эми талапкерлердин бири Аданбай уулу Нурбек өз каалоосу менен талапкерликтен баш тартты.

Жаңы шайланган аким Ильяз Ташкулов буга чейин Корул айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Шайлоого аталган райондун мурдагы акими, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгырым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов катышты.

IMG_5217

IMG_5210

IMG_5207

IMG_5206

IMG_5178

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×