Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 26.01.2016 10:01

Бүгүн 3 талапкердин ичинен Алай районунун акими шайланат

Turmush -  Бүгүн, 26-январда Алай районунун акимин шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу акимдин милдетин аткаруучу Мамашарип Мусаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, акимдин ордуна 3 талапкер ат салышууда.

Талапкерлер:

1. Молдокулов Замир Сариевич (Райондук каржы бөлүмүнүн башчысы);

2. Ташкулов Ильяз Акжигитович (Корул айыл өкмөтүнүн башчысы);

3. Аданбай уулу Нурбек (Алай райондук администрациясынын аппарат жетекчиси).

Талапкерлер Өкмөттүн сунушу менен акимдикке көрсөтүлүүдө.

Акимди жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлайт. Жалпы 214 депутат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×