Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 25.01.2016 16:51

Алайдагы окуучулар менен мектептердин директорлору карда ойнолуучу оюндарда күч сынашты (фото)

Turmush -  Алай районунда окуучулар арасында достукту, ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында карда ойнолуучу кыймылдуу оюндар боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Алай райондук балдарды дене тарбияга даярдоо спорт мектебинин башчысы Эргеш Мадышев аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, мелдеште жалпы 8 команда ат салышкан.

«Райондук билим берүү башкармалыгы менен биргеликте окуучулар арасында кышкы оюндарды уюштурдук. Мелдешке Гүлчө айылындагы мектептерден, спорт мектебиндеги ийримдерге катышкан 80 окуучу катышты. 8 команда лыжа жана чана тебүү боюнча жарышты.

Жыйынтыгында 1-орунду спорт мектебиндеги жеңил атлетика ийримине катышкан окуучулар, 2-орунду футбол ийримине катышкан окуучулар, 3-орунду М.Адышев мектебинин окуучулары ээледи. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, грамота, баалуу белектер тапшырылды», - деди Э.Мадышев.

Ошону менен катар мындай саамалык мектеп директорлорунун арасында да болуп өттү.

IMG-20160125-WA0044

IMG-20160125-WA0043

IMG-20160125-WA0041

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×