Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 22.01.2016 14:16

«Элдик уламыштар»: Хан кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн жашырган Гүлчө айылы (фото)

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылы хандын кызынын урматына аталып калган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун, мугалим Өмүрзак Касымов билдирди.

«Гүлчө айылы Гүлшаа аттуу кыздын ысымынан коюлган деген уламыш айтылып келет.

Менин угушум боюнча, чөл тарапта хан жашаган. Кайсы убак экени тууралуу так айтылбайт. Анын Гүлшаа аттуу жалгыз кызы болуптур. Бир күнү хан атайын бүбү-бакшыларды чакырып, кызынын келечегин көрүп берүүнү суранат. Бардык бакшылар кызын бой жеткен кезде кара курт чагып өлтүрө тургандыгын айтышат.

гулчо2

Ачууланган хан кызын сактап калуунун жолдорун сурайт. Ошол кезде көзү ачыктардын бири (бакшы) кызын бийик тоолуу, абасы таза, гүлзарлуу алыс жакта жашаса гана аман кала тургандыгын айтат. Хан макул болуп, жалгыз кызын айласыздан азыркы Алай районунун Гүлчө айылына жиберген экен. Арадан бир канча жылдар өтүп, кыз бой жетет. Кыз өтө сулуу, тың кыз болуп чоңоет. Күндөрдүн биринде “кызым мөмө-жемишти жакшы көрөт” деген атасы мөмө-жемиштерди жөнөтөт.

Бирок ал мөмө-жемиштин арасындагы кара куртту эч ким байкабайт. Кыз атасы жиберген жемиштерди көрүп кубанып, жүзүмдөн жеп көрөт. Ошол учурда аны кара курт чагып өлтүрөт. Ошондон соң биздин айыл Гүлшаа деп аталып жүрүп, кийин Гүлчөгө айланып кеткен деп айтылып жүрөт», - деди Ө.Касымов.

гулчо1

Гүлчө айылы – Алай районунун борбору. Ош шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан. Элет элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет.

гулчо

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×