Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 21.12.2015 10:30

Алайдагы окуучулар «Бирге окуйбуз» долбоорунда билим таймашына түштү

Turmush -  Алай районунун И.Адишев орто мектебиндеги башталгыч класстар арасында «Бирге окуйбуз» ток-шоусу өткөрүлдү. Аталган мектептин башталгыч класстын мугалими Укей Маматованын айтымында, ток-шоу «Үй-бүлөлүк китеп окуу» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

«3-4-класстардан жалпы эки команда катышты. Ток-шоу 3 турдан турду. Атайын суроолор түзүлүп, аларга окуучулар кызыгуу менен жооп беришти. Иш-чарага балдардын ата-энелери да катышты. Негизги максат үй-бүлөсү менен баланы китеп окууга кызыктыруу болду»,- деди У.Маматова.

Жыйынтыгында окуучуларга кызыктыруучу белектер, алдыңкы катышуучуларга медаль тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×