Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 15.12.2015 09:54

Алайдагы мектеп-гимназиялардын окуучуларынын арасында предметтик олимпиада башталды

Turmush -  Бүгүн, 15-декабрда Ош облусунун Алай районундагы гимназия-мектептердин арасында предметтик олимпиада башталды. Бул тууралуу М.Адышев мектеп-гимназиясынын директору Алтын Молдокулова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, олимпиада 9-10-11-класстардын  арасында өткөрүлүүдө.

«Предметтик олимпиада жыл сайын өткөрүлүп келет. Бүгүн Алай районундагы 4 мектеп-гимназиянын окуучулары күч сынашат. Олимпиада кыргыз тили, кыргыз адабияты, орус тили, орус адабияты, химия, биология, чет тили, математика, география, биология, химия, тарых предметтеринен өтөт. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү облустук олимпиадага жолдомо алышат», - деди А.Молдокулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×