Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 10.12.2015 12:02

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп жаңы дайындалган Таалайбек Сарыбашовдун эмгек жолу

Turmush -  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Сарыбашов Таалайбек Насирбекович 1971-жылдын 11-сентябрында Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган.

Улуту—кыргыз

Билген тилдери—кыргыз, орус

Билими:

1995-жылы - Ош техникалык техникумун бүтүргөн;

2008-жылы - Ош мамлекеттик юридикалык институтту аяктап, юрист адистигин алган.

Эмгек жолу:

1989-жыл - Алай АТП, автослесарь;

1989-1991-жылдар - Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн, сержант;

1991-1992-жылдары - Ош шаарындагы жашылча-жемиш комбинаты, сатуучу;

2005-2008-жылдары - Гүлчө айылындагы «Насирбек уулу Нурсултан» базарынын директору;

2008-2012-жылдары - Алай райондук кеңешинин төрагасы;

2012-жыл - Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким.

Үй-бүлөлү, 4 баланын атасы.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков ээлеген кызматынан бошотулду

Алай районунун акиминин милдетин аткаруу Мамашарип Мусаевге жүктөлдү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×