Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 04.12.2015 11:16

Кытай менен чектешкен Нура айылына алгачкы жолу бала бакча ачылды

Turmush -  Кытай менен чектешкен Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нура айылында алгачкы жолу бала бакча ачылды. Кечээ, 3-декабрда бала бакчанын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, 60 орундуу бала бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 13 млн 896 миң сом каражат сарпталган. Ошондой эле Нура айылынын тургундары кичи марафон уюштуруп, 53 миң 300 сом топтошкон. Ал каражатка балдардын уктоочу бөлмөлөрүнө төшөнчү, шейшептер алынган.

Бала бакча каттоодон өтүп, «Ак-Нур» бала бакчасы деген атка ээ болду.

Нура айылында жана айылдагы чек ара тозотторунда мектеп жашына чейинки 110 бала бар. Аталган айылда 236 кожолук жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×