Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 26.11.2015 16:18

Алайда кылмыштуулукка каршы жана достукту бекемдөө максатында мектептер арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүндөгү мектептер арасындагы достукту бекемдөө жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча спорттук оюндар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун спорт мектебинин директору Эргеш Мадышев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мектептер арасында футбол жана «Көңүлдүү старт» оюндары өткөрүлгөн.

«Футболго 10 мектеп катышып, 1-орунду Адышев мектеби, 2-орунду Т.Отунчуев, 3-орунду Т.Сопуев мектеби ээледи. Ал эми «Көңүлдүү старт» оюнуна 6 мектептин окуучулары катышты. Оюн 4 баскыч менен өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө грамота, кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды», - деди Э.Мадышев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×