Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 26.11.2015 15:57

Алайдын Жаңы-Арык айылында 200 орундуу жаңы мектеп ачылды

Turmush -  Бүгүн, 26-ноябрда Алай районунун Жаңы-Арык айылында И.Умаров атындагы мектептин жаңы имараты ачылды. Мектеп 200 орунга ылайыкталып салынган. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ачылыш аземге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Мектептин курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланып, курулуш иштери өткөн жылы башталган. Аталган мектепте 200дөн ашык окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×