Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 16.11.2015 08:24

Алайлык мугалимдер «Кенже курактагы балдардын баш мээсинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү» темасында тажрыйба алмашты

Turmush -  Алай районунда «Кенже курактагы балдардын баш мээсинин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү» деген темадагы тажрыйба алмашуу семинары «Башталгыч класстарды колдоо» долбоорунун алкагында өттү. Ага райондогу 33 башталгыч класстардын мугалимдери катышты, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Семинар Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын Коомдук фондунун (MSDSP KG Агахан фондунун демилгеси) билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду. Алгач семинардын катышуучулары райондун Коммунизм айылындагы №22 С.Төрөшев атындагы орто мектепте болуп, мугалим Айтиева Телегей ата-энелер үчүн, андан кийин №3 Токтогул атындагы орто мектептин мугалими Кулова Чынар мугалимдер жамааты үчүн атайын белгиленген темалардагы семинарларды өтүштү.

Тажрыйба алмашуу семинары кызуу талкуулар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×