Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 13.11.2015 17:32

Алайлык жаштар сергек жашоого үндөө менен «Шайыр шамдагайлар» таймашына түштү

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтү, анын алдындагы жаштар кеңеши тарабынан уюшулган «Дени сак улут өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын алдындагы «Шайыр шамдагайлар» сынагы өттү.

Мелдештин максаты — окуучулар жана жаштар арасында укук бузууларды, кылмыштуулукту, баңгичиликти алдын алуу, биримдикти чыңдоо, жолдоштук беттешүүлөрдү жандандыруу, ден соолукту чыңдоо жана окуучуларды сергек жашоого үндөө болду.

Таймашка райондун борборундагы 6 мектептин окуучулары катышып, анда Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров, райондогу дене тарбия бөлүмүнүн инструктору Нуржалалидин Салиев, райондук балдар өспүрүмдөр дене тарбияга даярдоо клубунун директору Эргеш Мадышовдор сөз сүйлөштү.

Сынактын жүрүшүндө окуучулар баскетбол тобун тийиштүү жерге чейин элөө менен алып баруу, футбол тобу менен тосмолорду айланып өтүү, обруч менен чуркоо, аркан тартыш, бука тартыш оюндарын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Ысманов атындагы мектептин спорт ышкыбоздору 1-орунду алып, айыл өкмөттүн 1-даражадагы диплому жана кубогу менен сыйланса, 2-орунга Адышев атындагы мектеп гимназиясы, ал эми 3-орунга Сопиев атындагы орто мектеби ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×