Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 30.10.2015 17:57

Алайда Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда Ош облусунун Алай райоунунда 2-ноябрда белгиленип келген Маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Бул иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов баш болгон коллегия мүчөлөрү, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Бул ирет өнөр секичеси адаттан тыш жасалгаланып, таң эртеңден башталган концерттик программанын өзгөчөлөнгөн сценарийине көрүүчүлөр күбө болушту. Анткени бул күнкү концерттик программанын формасы да мазмуну да таптакыр башкача болуп, элдин купулуна толду.

Концерттик программа аяктаган соң Алай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ыраимберди Жаманкулов, аким Т.Сарыбашов, райондогу мекеме-ишкана жетекчилеринин атынан райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Замирбек Молдокулов, айыл өкмөт башчыларынын атынан Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Илияз Ташкулов, партиялык, советтик кызматтарда иштеген, учурдагы ардагер Саткын Эргешова жана башкалар чыгып сүйлөшүп бул күнкү кесип ээлерин куттукташты.

Маданиятка кошкон мыкты салымдары үчүн бир топ өнөр инсандары раймамадминистрациянын жана райондук маданият бөлүмүнүн Ардак грамоталары, баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×