Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 12.10.2015 18:35

Бишкектен келген дарыгерлер менен Алайдагы хирургдар өтүшүп кеткен зоб, альвеококкоз жана бөйрөктөгү шишиктен жабыркагандарга операция жасашты

Turmush -  Талантбек Белекбаев жетектеген Алай аймактык ооруканасына келген Бишкек шаарындагы кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору Бахадыр Бебезов жана ушул эле университеттин хирургия кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Мамашев Нурлан Журабаевич келишти. Алар жергиликтүү хирургдардын катышуусу менен өтүшүп кеткен зоб, альвеококкоз жана бөйрөктөгү шишик оорусу менен жабыркаган бейтаптарга операция жасап жатат.

«Биздин максатыбыз Алайда альвеококкоз дартына чалдыкканын билбей жүрүп өтүштүрүп жиберген бейтаптарга жергиликтүү хирургдар менен биргеликте операция жасоо, аларга мындай оор операцияларды жасоо ыкмаларын үйрөтүү менен практикалык жактан жардам көрсөтүү», - деди профессор Бахадыр Бебезов.

Профессордун айтымында, жогорудагы дарттын өтүшүп кеткен оор формасына Бишкек шаарында гана операция жасалат.

«Бирок элет тургундарынын жашоо шартына, каражаттарынын тартыштыгына карап Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаевдин чакыруусу менен 4 жылдан бери Алайга келип, жеринде операция жасап жатабыз. Жыйынтыгы жакшы. Операция болгондорду убагы менен кароодон өткөрүп турабыз. Чындыгында элет жеринде жумуш жок, Бишкекке келип анализ тапшырып, кезек күтүп дарылануу каржы жагынан кыйналып турган бейтаптар үчүн ыңгайсыз абалды түзүүдө», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×