Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 12.10.2015 12:44

Кыргызстандагы «Эң мыкты айылдык мектеп» аталган Алайдагы №12 И.Адишев мектебинен фоторепортаж

Turmush -  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Алай районунун Ташкоро айылындагы №12 Ильяз Адишев атындагы орто мектеп бул жылы Кыргызстандагы «Эң мыкты айылдык мектеп» деп аталды.

Аталган мектеп деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашып, бул окуу жылында 230 окуучуга 32 мугалим билим берүүнү улантууда.

 

Мурдараак маалымдалгандай, 9-октябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында «Жыл мугалими-2015» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи болуп өттү.

Республикалык сынак төрт аталмада болду: «Мыкты мугалим», «Мыкты бала бакча», «Мыкты инновациялык мектеп» жана «Мыкты айылдык мектеп».

Сынактын жыйынтыгы менен «Мыкты айылдык мектеп» номинациясына Ош облусунун Алай районундагы Ташкоро айылында жайгашкан №12 И.Адишев атындагы орто мектеп татыктуу деп табылды.

Бул наам боюнча 2-орун Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы А.Истамбеков атындагы орто мектебине, 3-орун Жалал-Абаддагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепке берилди.

Белгилей кетсек, бул жылы VI республикалык сынакка облустук этаптан 70 жеңүүчү мугалим катышты.

Иш-чарага КРнын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жана Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×