Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 07.10.2015 15:09

Алайдын Гүлчө айылындагы жатак интернат аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн келген 300дөн ашык балага билим берүүдө

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылындагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей-интернатта 172 бала билим алууда. Бул тууралуу аталган мектептин директору Кубаныч Бөкөбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, аталган мектептин окуучулары райондогу айылдардан топтолуп, жатакана менен камсыздалган.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары бар. Учурда 329 бала билим алууда. Алардын арасынан 172 бала алыскы айылдан келип окугандар. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, тоголок, жарым жетим балдарга атайын демөөрчүлөр тарабынан жылына бир ирет жардамдар берилип турат», - деди К.Бөкөбаев

Бул мектептин окуучуларынын басымдуусу таланттуулар, дешет мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×