Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 03.10.2015 11:06

Алайда каражаттын жоктугунан курулушу 4 жыл мурун токтоп калган балдар ооруканасынын курулушу улантылууда (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районундук аймактык ооруканасында 45 койкага эсептелген балдар бөлүмүнүн курулушунда учурда иш кызуу жүрүп жатат. Мындай маалыматты аталган оорукананын дарыгерлери аймактык кабарчыга билдирди.

Алардын айтымында, бул курулуш 2011-жылы башталып, бирок акча каражатынын тартыштыгынан улам токтотулган. Азыркы тапта курулуш иши кайрадан улантылууда.

«Учурда балдардын ооруканасынын 2-кабаты бүтүп, үстүн жабуу иштери алдыда турат. Аталган обьект ушул жылдын декабрь айында пайдаланууга берилет», - деди Алай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×