Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 03.10.2015 10:35

Алай райондук аймактык ооруканасына баасы 11 млн сомду түзгөн рентген аппараты алынды (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Алай районунун аймактык ооруканасы заманбап, жаңы медициналык жабдуулар менен толуктанууда. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Талантбек Белекбаев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Анын айтымында, аталган ооруканага баасы 11 млн сомду түзгөн заманбап стационардык рентген аппараты ичинде тамографиясы менен келип, жакында пайдаланууга берилет.

«Бул аппарат бардык ооруларды аныктоодо жогорку сапатка ээ. Учурда аппаратты атайын адистер орнотууда. Ошондой эле Алай аймактык ооруканасына Швецариялык кызыл крест уюму тарабынан кир жуучу машина, кир кургатуучу жана үтүктөөчү аппараттар да келип пайдаланылып жатат», - деди Т.Белекбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×