Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 29.09.2015 09:59

Алайдагы мектептер 25 жаш мугалимди жумушка алып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өз үйлөрүндө окутулууда

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы мектептерге быйылкы жаңы окуу жылына 25 жаш мугалим кабыл алынып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өз үйлөрүндө окутулууда. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досмамбет Жээнбеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Биздин райондо кадр маселеси жолго коюлган. Быйылкы жылы 25 жаш мугалимди кабыл алдык. Айрым предметтерден жетишпеген адистердин сабактары тажрыйбалуу мугалимдерге бөлүнүп, окуучулар  үзгүлтүксүз билим алууда. Учурда жалпысынан район боюнча 1675 мугалим эмгектенет»,  - деди Д.Жээнбеков

Райондо мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жок 2 окуучу бар. Учурда алар ата-энелеринин каалоосу менен өз үйлөрүндө окуутулууда. Мугалимдер мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барып билим берүүнү улантууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×