Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 23.09.2015 13:43

Алайда «Эне тилим — элдин тарыхын баяндаган, тарыхы — тилди аяндаган» аталышындагы музыкалык кече өттү

Turmush -  Кечээ, 22- сентябрь күнү Ош облусунун Алай районундагы Курманжан датка музейинде «Эне тилим — элдин тарыхын баяндаган, тарыхы — тилди аяндаган» аталышындагы чоң масштабдагы музыкалык кече өттү. Майрамдык салтанат райондогу борбордук китепкана тарабынан уюштурулду. Бул тууралуу аталган китепкананын директору Урниса Асилова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, майрамдык кечеге райондогу китеп сүйүүчүлөр, жергиликтүү тургундар катышты.

«Биз жылдагыдан өзгөчөлөнтүп кечени жогорку деңгээлде өткөрдүк. Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз эл акындарынын ырлары айтылып, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен коштолду. Ошону менен катар комузчулар күү чертишип, келгендерге майрамдык маанай тартуулашты. Атайын сахналаштырылган дарак жасалып, макал-лакаптардын топтому илинди. Окуучулар тарабынан макалдар айтылып, эне тилди аздектөөгө чакырышты»,  -деди  У.Асилова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×