Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 14.09.2015 15:17

Алайдын Арчалык айылына 17 млн сомго 100 орундуу мектеп курулууда

Turmush -  Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүндөгү Арчалык айылында 100 орундуу мектеп салынууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Ырыскан Орокбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, мектептин эски имараты мурун ашар жолу менен салынган.

«Арчалык айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 млн сом бөлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Мурун ал мектеп жергиликтүү тургундардын демилгеси менен эле ашар жолунда салынып калган. Учурда заманбап типте жаңы мектеп салынууда. Курулуш иштери ушул жылдын май айында башталган, октябрь айынын ортолорунда бүтүп, ишке берилээри күтүлүүдө», - деди Ы.Орокбаева.

Аталган мектептин окуучулары учурда эски мектептин имаратында окуп жатат. Жалпысынан Талды-Суу айыл өкмөтүндө 2 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×