Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуАлай району 14.09.2015 13:34

Грек-рим күрөшү боюнча республикалык мелдеште Алайдын 5 окуучусу биринчиликти ээледи

Turmush -  Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Алай районунан барган 5 өспүрүм 1-орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу аталган райондун балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Эсеналы Масаков Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 10-11-12-сентябрда мектеп окуучулары арасында  өткөрүлгөн.

«Мелдеш республикалык деңгээлде өткөрүлдү. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан жана Бишкек шаарынан келген спортчулар катышты.  3-класстан 11- класска чейинки окуучулар күч сынашып, мелдеш 14 салмак боюнча өткөрүлдү. Жыйынтыгында  5 салмак боюнча Алай районунан барган балдар биринчиликти камсыздашты. Калган 9 орунду башка облустардан келген өспүрүмдөр ээледи», - деди Э.Масаков

Мелдеште жеңишке ээ болгон балдарга дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×