Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 02.09.2015 17:18

Алайдын борбордук китепканасындагы адабий китептердин 70%ы орус тилинде

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы китепканаларга китептер айыл өкмөттүн бюджетинен алынат. Райондук китепканалар тармагынын директору Урниса Асилова билдиргендей, быйылкы жылы райондогу китепканалар 1245 даана китеп менен толукталган.

«Алай айыл өкмөтүндөгү «Терек», «Сопу» китепканаларына, Нура, Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү китепканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен кыргыз адабияттары алынды. Мындан сырткары Улуттук китепканадан Гүлчө айылындагы борбордук китепканага 107 даана китеп берилди. Учурда жаштардын көбү Чыңгыз Айтматовдун, Зуура Сооронбаеванын, Султан Раевдин китептерине басым жасашууда», - деди У.Асилова.

Борбордук китепканада жалпысынан 28 миң 340 даана китеп бар. Алардын ичинен 70%ы орус тилдүү. Акыркы 5 жыл аралыгында кыргыз тилдүү китептер менен толукталып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×