Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 01.09.2015 17:25

Алайдын акими жаңы окуу жылына мыкты даярданган мектепке барды (фото)

Turmush -  Алай районунда 1-сентябрь билим майрамы райондун 53 мектебинде белгиленди.

Билим майрамы Жошолу айыл аймагында жайгашкан №20 Камал Турганбаев атындагы орто мектепте да мыкты даярдыктар менен өттү. Аталган орто мектеп билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыктары жана оңдоп-түзөө иштеринин сапатынын жыйынтыктары боюнча 1-орунду  алган.

Райондун акими Таалайбек Сарыбашов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбековдор сөз сүйлөшүп, мектеп жамаатын жана окуучуларды Билим күнү менен куттукташты. Алар билим сапатын жогорулатууда чыгармачылык менен эмгек өтөгөн бир катар мугалимдерге райадминистрациянын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарын тапшырды. 

Алгачкы коңгуроо кагылып, келген коноктор «Биздин Мекенибиз — Кыргызстан» деген тема менен өткөн алгачкы сабактарга күбө болушту.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×