Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 01.09.2015 13:59

Алайдагы №67 кесиптик лицей 200 окуучуга акысыз билим берүү менен 5 багыттагы адистерди даярдайт

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы №67 кесиптик лицейде Билим күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган лицейдин директорунун орун басары Мухаммед Токтосунов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Жаңы келген студенттерге окуу жайдын ичи, мугалимдери тааныштырылып, «Менин мекеним – Кыргызстан» деген темада тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Жалпысынан лицейде 200гө жакын окуучу билим алат», - деди М.Токтосунов.

Аталган окуу жай 5 багыттагы кесип ээлерин даярдайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×