Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 29.08.2015 11:12

Алайдын акими райондун кышка даярдыгын текшерди

Turmush -  Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов райондун калкынын, мекеме-ишкана, билим берүү, медицина, маданият тармактарынын кышка карата даярдыгын текшерди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алдын ала маалым болгондой, кышка карата районго 13 634 тонна таш көмүр керектелет. Белгиленген өлчөмдөгү көмүр менен камсыз кылуу максатында учурда мекеме-ишканалардын 60% акча каражаттары которулуп бүттү.

Ал эми элди көмүр менен камсыз кылууда ар бир айыл өкмөт башчыларына атайын тапшырмалар берилип, көмүр төгүлүүчү жайлар даярдалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×