Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 25.08.2015 10:27

Алайда жаңы окуу жылына карата мыкты даярдыктан өткөн мектептер менен бала бакчалар сыйланды

Turmush -  Алай районунда билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыктары, оңдоп-түзөө иштеринин сапатынын жыйынтыктары боюнча алдыңкы мектептер жана бала бакчалар жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. №20 Турганбаев атындагы орто мектеби жана  №5 «Ак ниет» бала бакчасы 1-орунду ээлеп, ар бири 5 миң сомдон акчалай жана 1-даражадагы диплом менен сыйланышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мындан сырткары «Мыкты баштооч мектеп», «Таза спорт мектеп», «Мыкты спорт зал», «Өзгөчө усулкана», «Тыкан ашкана», «Демөөрчү таба билген директор», «Алдыңкы педагогикалык жамаат», «Камкор айыл өкмөтү» номинациялары боюнча да сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×