Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 20.08.2015 09:50

Алайда мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Turmush -  Кечээ, 19-августта Алай районунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешме «Кыргызстандын билим берүүсү: жеткиликтүүлүгү, сапаты жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү» деген ураандын алдында өттү.

Кеңешменин ишине облустук билим берүү институтунун өкүлү Тажикан Дубанаева, аким Таалайбек Сарыбашов катышты.

Алгач кеңешмеге келген коноктор райондун мектептериндеги инновациялык иштерди, жетишилген ийгиликтерди чагылдырган көргөзмөлөр, көркөм кол өнөрчүлүк иштери менен таанышып чыгышты.

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досманбет Жээнбеков билим берүү тармагындагы ар тараптуу иштерди камтыган баяндама окуду.

Кеңешмеде райондун акими Таалайбек Сарыбашов билим берүү тармагындагы ийгиликтерди баса белгилеп, жаңы окуу жылынын башталышы менен айрым мектептерди жетишпеген предметтик мугалимдер менен толуктоону, билим сапатына көңүл бурууну, инновациялык технологияны өркүндөтүү, мектептердеги «Камкордук» кеңештеринин ишин жандандыруу, окуучуларды китеп менен толук камсыз кылууну колго алуу, интерактивдүү доскаларды көбөйтүү сыяктуу бир топ көйгөйлөрдү колго алууну  айтып өттү.

 Кеңешменин аягында мугалимдердин облуста өтүүчү  кеңешмесине 59 делегат шайланды.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×