Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 18.08.2015 17:42

Алайдын Гүлчө айылында 90 орундуу бала бакча курулууда

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылындагы 2-балдар бакчасы жаңыдан курулууда. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досмамбет Жээнбековдун айтымында, балдар бакчасы 90 орундуу болуп салынууда.

«2-балдар бакчасынын курулуш иштери жүрүп, дубалы бүтүп калды. Жалпысынан 25 млн сом каражат талап кылынат. Бирок 10 млн сом бөлүнүп, иштер жүргүзүлдү. Акча маселеси толугу менен бөлүнө элек болгондуктан чатырына жеткенде иш токтоп калды. Жакында каражат маселеси чечилсе толугу менен бүткөрүлөт. Учурда балдар бир үйдө тарбияланууда», - деди Д.Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×