Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 18.08.2015 17:09

Алайдагы мектептердин мугалимдери жылдык пландарды талкуулашты

Turmush -  Бүгүн, 18-августта Ош облусунун Алай районундагы мугалимдердин секциялык жыйыны өтүп, бир жылдык иш план менен таанышышты. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Досмамбет Жээнбеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Жыл сайын жаңы окуу жылдын башталышында мугалимдерге жылдык план тааныштырылат. Район боюнча 24 секция бул боюнча иш алып барат. Мугалимдер милдеттүү түрдө катышууга тийиш. Анткени жыйында окуу жылына киргизилген жаңы адабияттарды талдоо, жыл бою өткөрүлө турган иштин планы, 480 сааттык окуу программасы жөнүндө кеңири маалыматтар берилет. Мындан сырткары, сентябрь айында мугалимдердин айлык акысынын жогорулоосу тууралуу да айтылды.

Мурун даярдоо класстары 3,5 ай гана окутулуп келген болсо, быйыл жыл башынан тартып окутула баштайт», - деди Д.Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×