Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 12.08.2015 11:36

Алайдын Кабылан-Көл айылындагы эскилиги жеткен маданият үйү оңдолууда (фото)

Turmush -  Алай районунун Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү маданият үйүн ондоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Токтосун Камилов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди. Анын айтымында, маданият үйүн жаңыдан куруу боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жолдонгон.

«Биздин айыл өкмөттө маданият үйү жок болгондуктан колхоздун кампасын убактылуу маданият үйүнө айлантканбыз. Учурда жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми жаңы маданият үйүн куруу боюнча 28-июлда Маданият министрлигине кат тапшырып келдим», - деди Т.Камилов.

IMG-20150812-WA0071

IMG-20150812-WA0070

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×