Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуАлай району 10.08.2015 17:52

Алай районунун Гүлчө айылында биринчи заманбап спорт залдын курулуш иштери аяктоодо (фото)

Turmush -  Ош шаарына караштуу Алай районунун Гүлчө айылындагы спорт залдын курулушу 2 жылга созулуп, ушул күндөрдө анын курулуш иштери аяктап, ачылыш аземдин алдында турат. Мындай маалыматты, бүгүн 10-августта Ош шаардык кеңештин төрагасы, аталган спорт залдын курулушун каржылаган Улан Примов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, спорт залда жылдын кайсы мезгили болбосун жергиликтүү тургундар спорт менен машыга алышат. Мындан сырткары бул жерде мини футболдон тартып, валейбол, баскетбол сыяктуу спорт оюндарынын көп түрүндө таймаштарды уюштурууга шарттар каралган. Спорт залдын базасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык деңгээлдеги таймаштарды өткөрүүгө да болот.

«Мен өзүм грек-рим күрөшү Федерациясынын Ош облусу боюнча президентимин. Улууларды жана жаштарды спорттун ушул түрүнө тартууга аракет кылам. Биздин райондо мен колдоо көргөзгөн жаш спортчу Нуржигит Ташболот уулу Азияда өткөн таймашта чемпион титулун багындырып келди. Балким, мындай өнөрлүү балдар көп чыгаар. Бирок, акыркы жылдары грек-рим күрөшү боюнча таймаштар райондо такыр өткөрүлбөгөндүгүн байкап, атам экөөбүз ушул курулушту уюштурууну чечкенбиз», - деди У.Примов.

Спорт залдын курулушуна жалпысынан 18 млн сом акча каражаты жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×