Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 03.08.2015 10:17

Алай районундагы мектеп окуучуларына буюртма менен тиктирген бирдиктүү форманы 1800 сомдон сатыкка чыгарды

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы мектепте бирдиктүү мектеп формасы сатылып баштады. М.Адышев атындагы мектептин директору Алтын Молдокулова аймактык кабарчыга билдиргендей, формалардын сапаты жылдагыга салыштырмалуу жакшырып, баасы да көтөрүлдү.

«Биз өткөн жылдан тартып жаңы формага өттүк. Былтыр башталгыч класстан 430 окуучу жаңы форма алган. Быйылкы жылы 1-класстарга гана берип жатабыз. Ал эми 5-8-класска чейинки окуучуларга да таратылып жатат.

Формаларды Бишкектен буюртма менен тиктирип алып келдик. Алардын баасы өткөн жылга салыштырмалуу жогорулап, башталгыч класстагы окуучулар үчүн 1550 сомдон, жогорку класстын окуучуларына 1800 сомдон сатылууда. Быйыл жалпысынан 380 формага буюртма берип, 1-партиясы келди», - деди А.Молдокулова.

Аталган мектепте жалпысынан 957 окуучу бар болсо, анын ичинен 110 бала 1-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×